Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алдамчылык беренесине шектелип мурдагы кызматкери кармалганын маалымдады.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде жыйырма чет элдик жаран мыйзамсыз иштеп, жашап жүргөнүн аныкталган. Имаратты ижарага алып иштеткен жаран өзүн атайын кызматтын кызматкеримин деп тааныштырган кишиге мыйзамсыз миграция уюштурууга көмөктөшүүгө, атайын органдардын текшерүүлөрүнөн жашыруу үчүн ири өлчөмдө акча берген. Акча алгандан кийин бул маселелерди чечип берген эмес.
УКМК шектүү буга чейин атайын кызматтан бошотулганын кабарлады. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен иш козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрүп, анда өлкөдө 5 миңдей мигрант тиешелүү документтери, уруксаты жок жүргөнү айтылган. Ушул жылдын 10-июнунан тартып рейддер башталары эскертилген.
Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет. (TSh)