Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

Өзбекстандын эки жараны Украинада Орусиянын тарабында согушканы үчүн абакка кесилди


Орусиянын армиясы менен Украинадагы урушка чакырган көрнөк, 13-октябрь, 2022-жыл
Орусиянын армиясы менен Украинадагы урушка чакырган көрнөк, 13-октябрь, 2022-жыл

Өзбекстанда эки жаран Украинадагы урушка жалданып, Орусия тарапта согушканы үчүн абакка кесилгенин UzNews агенттиги жазды.

Соттолгондордун аты-жөнү толук берилген жок. 32 жаштагы А. Р. аттуу жаранды Бухаранын райондук соту беш жылга эркинен ажыратты. Тергөөнүн материалдарына ылайык, ал 2018-жылы Орусияга иштегени кетип, орус паспортун алган. 2024-жылы кылмышка шектүү деп кармалып, тергөө абагына камалган. Ошол эле жылы июнда Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, армияга кеткен.

Ал Украинанын Луганск облусуна жиберилип, былтыр 27-июлда жарадар болгон. Сентябрда аскердик кызматка жараксыз деп табылып, 3 млн рубль алган соң Өзбекстанга кайтып барган.

Экинчи соттолуучу - 41 жаштагы Ш.К аттуу жаран Анжиян облусундагы райондук сот үч жыл, бир айга кесилди. Тергөө ал 2023-жылы Ингушетиянын Назран шаарына иштегени кетип, кийин Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн.

Ал 2024-жылдын апрелинен декабрына чейин согушта жүрүп, жарадар болгон. Орусияда эс алууда жүргөндө документи жок деген негизде кармалган. Андан соң орус бийлиги мигрантты Өзбекстанга депортациялаган.

Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинадагы урушка катышкан Өзбекстандын 1110 жаранынын аты-жөнүн жарыялаган. Долбоордун маалыматына ылайык, кеминде 109 өзбек жараны согушта набыт болгон. Алардын эң кенжеси 21, эң улуусу 62 жашта эле. Согушка жалданып барган өзбек жарандарынын бири келишим түзгөндөн кийин сегиз күндөн кийин каза тапкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG