Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

ТИМ кыргызстандыктарга Орусияга кирүүнүн жаңы эрежелерин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандарына 30-июндан тартып Орусияга баруунун жаңы эрежелерин дагы бир жолу эскертти.

Министрлик Орусиянын чек арасын өтүүнү пландаган убакыттан 72 саат мурун RuID мобилдик тиркемеси аркылуу катталышы керек экенин билдирди.

“Тиркемеге сапардын максатын жана күндөрүн, бара турган аймактарды көрсөтүү, биометриялык маалыматтарды берүү талап кылынат. Эгерде сапарга балдар менен чыгуу пландалса, алардын да маалыматтары кошумча киргизилет. Каттоо жарандын санариптик профилди түзүү, СНИЛС жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу алуу, SIM-карта сатып алуу үчүн талап кылынат”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Май айында Орусияда мигранттарга талаптарды күчөткөн дагы бир катар документтер кабыл алынган. Мамлекеттик Дума мигранттардын геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзамды жактырган.

Мындан сырткары 30-июндан баштап Орусияга барчу чет элдиктер 72 сааттан кечиктирбестен ал өлкөгө баруу максатын көрсөтүп, атайын мобилдик тиркемеге арыз калтырышы керек.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG