Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

АКШ "Хайят Тахрир аш-Шам" уюмун "кара тизмеден" чыгарат


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Сириянын лидери Ахмед аш-Шараа
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Сириянын лидери Ахмед аш-Шараа

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Сириядагы исламчыл экстремисттик "Хайят Тахрир аш-Шам" (мурунку "Фронт ал-Нусра") уюмун террористтик бирикмелердин тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Мамлекеттик департамент билдирди. Тиешелүү чечимге мамлекеттик катчы Марко Рубио 23-июнда кол койгону, документ шейшембиде күчүнө кирери кабарланды.

Reuters агенттиги бул чечим Сириядан санкцияларды алып салуудагы маанилүү кадам экенин жазды. Мурдарак президент Трамп Дамаска салынган санкцияларды жоюу зарылчылыгын билдирген.

"Фронт ал-Нусраны" мурун АКШ баштаган бир катар өлкөлөр "Ал-Каида" тобу менен тыгыз байланышта деп тааныган. Соңку жылдары бул топ "Хайят Тахрир аш-Шам" деп аталышын өзгөртүп, өзүн "Ал-Каидадан" алыстатып, мурунку президент Башар Асаддын режимине оппозициялык күч катары көрсөткөн. Былтыр декабрда бул топтун мүчөлөрү Асаддын бийлигигин кулатып, анын лидери Ахмед аш-Шараа Сириянын убактылуу президенти болуп калган. Ал мамлекеттин светтик түзүлүшүн сактап калып, Батыш менен алаканы өнүктүрүүгө басым жасаган. Ошондой эле куралдуу топторду сирия армиясына интеграциялоо жарыяланган.

Быйыл майда АКШ президенти Дональд Трамп Эр-Риядда Ахмед аш-Шараа менен жолуккан. Андан кийин Вашингтон Асаддын тушунда Сирияга каршы киргизилген санкцияларды алып салууну сунуш кылган. Евробиримдик дагы Сириядагы узакка созулган жарандык согушту жөнгөрүү үчүн мурдагы санкцияларды жоюу тууралуу чечим кабыл алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG