Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:52

Украина: Орус армиясынын дрон, ракета чабуулунан ондогон киши жараат алды


Харьков облусундагы дрон тийген үй, 7-июль, 2025-жыл
Харьков облусундагы дрон тийген үй, 7-июль, 2025-жыл

Дүйшөмбүгө караган түнү орус армиясы Украинаны 100дөн ашуун дрон жана төрт С-300/400 ракетасы менен аткылаганын Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.

Харьковдун Словодской районунда балдар бакчасы менен соода жайы бузулганын Украинанын чукул кырдаалдар кызматы билдирди. Шаар мэри Игорь Терехов орусиялык аскерлер эл жашаган конушту жана жарандык жайды бутага алды деп айыптады. Шевченко районунда көп кабат үйгө дрон тийгенде өрт чыкты. Жабыр тарткандардын саны 27ге чыкты, алардын үчөө балдар.

Одессада гараждар турган жай, машине оңдоочу жердеги кеңсе жана бир нече вагон талкаланды. Жеңил, жүк ташуучу машинелер жана автобус иштен чыкты. Одесса облусунун аскердик администрация башчысы Олег Кипер жаңы конуштун жанындагы күзөт турган жерге сокку тийгенде бир киши набыт болгонун билдирди.

Просяная айылында жеке үйлөрдүн бирине дрон тийгенде өрт чыгып, үч киши жабыр тартты.

Киевдин мэри Виталий Кличко баш калаанын Деснянский районунда дрон сыныктары административдик имараттын дубалын, газ куурун бузуп, токтоп турган машинеге тийгенде жарылуу болгонун билдирди.

Соломенский районунда атып түшүрүлгөн дрондун сыныгы машине жуучу жерге, Голоссевский районунда кеңсеге тийгени, андан эч ким жабыр тартпаганы кабарланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG